Жуманын башында президент Садыр Жапаров айыл чарбасын колдоо боюнча жарлык чыгарган. Анда дыйкандар менен фермерлерди жер салыгынан бошотуу каралган. Мамлекет башчы "2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйсүздөр" деп жазган Facebook баракчасына.
Ал эми жарлыктын текстинде министрлер кабинетине бул боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшырган.
Бул багытта аткарыла турган иштерди тактоо жана кандай өзгөртүү киргизилерин билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповго кайрылды. Аткаминер менен бир күн мурун макулдашып, Жогорку Кеңеште жыйындан чыккандан кийин ат жалында маектештик.
— Президенттин жарлыгынын алкагында жер салыгынын кайсы түрлөрүнөн бошотуу каралууда? Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз.
— Бул айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн бардык дыйкан, фермерлерге, кооператив чарбаларга тиешелүү. Президент жарлыгында министрлер кабинетине тез арада тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизип, 2022-жылдын биринчи январынан баштап үч жылга жер салыгынан бошотуу тапшырмасын берди.
Жылына болжол менен жер салыгынан 320-330 миллион сом чогулат. Ошондо үч жылда бир миллиард сомдой бюджетке түшпөй калат экен. Албетте, бул аябай чоң акча. Бирок ошону менен бирге дыйкан, фермерлерди, асыл тукум, үрөн чарбаларды, кооперативдерди колдоо максатында чыгарылган жарлык болду. Бул аябай пайдалуу болот, дыйкандар өз акчасын үнөмдөөгө, аны айыл чарбасынын өндүрүшүн, өсүмдүк өстүрүүнүн сапатын жогорулатууга жумшайт деп ойлойбуз.
— Муну менен жайыт салыгынан да бошотулабы?
— Азыркы убакта министрлер кабинетинде жобосу иштелип чыгууда. Андан соң Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизет. Ошол жерде деталдуу, так, даана көрсөтүлөт. Бирок жарлыкта айыл чарба багытындагы жер салыгынан бошотуу деп көрсөтүлгөн.
— Ошону тактап алалы деп сизге келгенбиз. Дыйкандар эгин эккен жери үчүн салык төгөт. Ал эми мал жайганың үчүн да койго, уйга, жылкыга өзүнчө коюм менен акча жыйнап кетет эмеспи.
— Азыркы убакта министрлер кабинети иштеп жатат, ошондо даанасын көрөбүз. Буюрса Жогорку Кеңештин депутаттары колдоп, президент кол койгондон кийин кайсы категорияларга тиешелүү болорун билебиз.
Мындан сырткары, президентибиз социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө "урматтуу дыйкандар, сиздерге узак мөөнөттүү пайызы төмөн насыя берүү жагынан дагы колдоо көрсөтөбүз" деп айткан.
— Ал боюнча маалыматыбыз бар. Айтсаңыз, насыяларга кандай өзгөртүү киргизгени жатасыздар, мурункудан айырмасы эмнеде?
— Быйыл "Айыл чарбаны колдоо — 9" долбоору боюнча дыйкан, фермерлерге үч багыт боюнча 6 миллиард сом жеңилдетилген насыя бөлүндү. Мал чарбачылыгы менен өсүмдүк өстүрүүгө үстөгү 10 пайыз, кайра иштетүү тармагына 6 пайыз менен берилди.
Ал эми 2022-жылы бул долбоордун алкагында төрт багыт менен насыя берүү боюнча токтом долбоору даярдалып жатат. Мал чарбачылыгы менен өсүмдүк өстүрүүгө 10 пайыздан, тамчылатып же чачыратып сугаруу сыяктуу заманбап айыл чарба технологияларын колдонгон фермерлерге, балык өстүргөн, бал челек кармаган, күнөскана менен иштегендерге 8 пайыздан, кайра иштетүү тармагына 6 пайыздан берилет. Буга 5 миллиард сом бөлүү пландалып жатат.
— Демек, "Айыл чарбасын колдоо" долбооруна кийинки жылы быйылкыдан 1 миллиард сомго аз бөлүнүп, пайыздары деле ошол бойдон калат экен да. Бир гана жаңы багыт кошулуп жаткан турбайбы?
— Ооба. Андан сырткары, кластердин алкагында дагы дыйкандарга төмөндөтүлгөн пайыз менен насыя берүү маселеси каралууда. Учурда Айыл чарба министрлигинде кластердик ыкма менен дыйкан, фермерлерди колдоо долбоору иштелип жатат. Буга республикалык бюджеттен мүмкүнчүлүгүнө жараша каражат бөлүп беришин сурап жатабыз.
Кластер — дүйнөлүк практикада эң маанилүү методологиялардын бири. Мисалы, сүт багытында насыя кайра иштетүүчү ишканага берилет. Ал каражатты сүт бере турган чарбакерлерге таратат. Алар асыл тукум уй сатып алууга, уй саай турган жабдуу менен камсыздоого, тоютту жакшыртуу жана жаңы технологияларга окутууга коротушу керек. Аягында сүтүн кайра иштетүү ишканасына сатууга милдеттүү болду. Ушундай толук цикл менен иштейт.
— Бүгүнкү күндө жер салыктарынын баары жергиликтүү бюджетке түшөт да, туурабы?
— Ооба. Мыйзам күчүнө киргенден кийин жергиликтүү бюджетке түшпөй калган каражаттын ордун республикалык бюджеттин эсебинен толтуруу механизми сунушталууда. Мамлекет ошол бойдон калтырбайт деген ойдобуз.
— Сиз башында айткан жылына чогулчу 320-330 миллион сом жер салыгына жайыт үчүн алымдар дагы кошулганбы?
— Аны кийинкисинде сүйлөшөбүз...