Вакцина боюнча сертификаттын сатылышы. Министрлик дарыгерлерди иштен алды

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, 8-декабрда текшерүү башталган. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары бир нече жайда тастыкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. COVID-19га каршы эмдөө боюнча сертификаттарды сатуу фактысы тастыкталып, бир нече медициналык жайдын жетекчилери иштен алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Буга чейин журналисттик иликтөө жарыяланып, анда Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда сертификаттар сатылып жатканы айтылган. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, 8-декабрда текшерүү башталган. Анын жыйынтыгында жогоруда айтылган фактылар төмөнкү жайларда тастыкталган:
№ 19, 2 жана Ленин районуна караштуу бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Кызыл-Аскер конушундагы № 8, 10, 11 филиалдары.
Алынган фактылар боюнча 9-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өтүп, төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Белгилей кетсек, Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору өз каалоосу менен иштен кетти.