УОКтун вице-президенти алгачкы жолу аял киши болду. Сүрөт

Жыйындын катышуучулары эгемендик алгандан бери Улуттук олимпиада комитетинин башчысынын орун басарлыгына аял киши келип жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Улуттук олимпиада комитетинин башчысы Садыр Мамытовдун биринчи орун басары Анвар Оморканов жана дагы бир орун басары Элнура Осмоналиева болду.
Улуттук олимпиада комитетинин башчысы Садыр Мамытовдун биринчи орун басары Анвар Оморканов
Бишкектеги отелдердин биринде Улуттук олимпиада комитетинин отчёт берүү жана шайлоо өткөрүү боюнча башкы ассамблеясы өттү. Ага УОКтун бардык мүчөлөрү — федерация башчылары, башкы машыктыруучулар катышты.
Жыйында вице-президенттердин санын төрткө чейин көбөйтүү сунушталып, көптөгөн тартыштардан улам мурдагыдай эле эки орун басар калтырылды.
Нурбек Изабеков менен Мейрамбек Ахметов УОКтун алтын орденин алды
Жыйындын катышуучулары эгемендик алгандан бери Улуттук олимпиада комитетинин башчысынын орун басарлыгына аял киши келип жатканын белгиледи.
УОКтун жетекчиси болуп Садыр Мамытов шайланган. Буга чейин Улуттук олимпиада комитетин, ошондой эле Күрөш федерациясын Абдыкерим Шаршенбеков жетектеп келген. Ал ноябрдын этегинде өз арызы менен отставкага кетип, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.