Ноябрда Улуттук банк 170,3 млн. доллар сатты. Резерв азайган жокпу

Өткөн айда өлкөнүн башкы банкы валюта рыногуна үч ирет интервенция жасап, 170 миллион 350 миң доллар сатты. Үч интервенциянын бири рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ноябрь айынын соңунда Улуттук банктын алтын-валюталык резерви (эл аралык валюта) 2 миллиард 947,1 миллион долларга жетти. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.
Бул көрсөткүч октябрь айынын жыйынтыгына салыштырмалуу 202,8 миллион долларга төмөн. Анда жалпы сумма 3 миллиард 150 миллион доллар болчу.
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Белгилей кетсек, тарыхта Улуттук банктын резерви үч ирет, 2020-жылдын августунда жана быйыл сентябрь, октябрь айларында 3 миллиард доллардан ашкан.
Өткөн айда өлкөнүн башкы банкы валюта рыногуна үч ирет интервенция жасап, 170 миллион 350 миң доллар сатты. Үч интервенциянын бири рекорддук көрсөткүчкө жетти.
Улуттук банк валюта рыногунда олку-солку абалды жөнгө салып, сомду колдоо үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын-валюталык запас колдонулат. Резервде ондогон валюта, SDR (Эл аралык валюта фондунун төлөм каражаты) жана алтын куймалар бар.