Нурбек Изабеков менен Мейрамбек Ахметов УОКтун алтын орденин алды

Изабековго сыйлык УОКтун жыйынында тапшырылды, ал эми Ахметовго жакында эле 50 жылдыгын белгилегенде берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Күрөш боюнча белгилүү машыктыруучулар Мейрамбек Ахметов менен Нурбек Изабеков Улуттук олимпиада комитетинин алтын орденин алышты.
Сыйлыкты УОКтун башчысынын милдетин убактылуу аткарып жаткан Канат Аманкулов тапшырды. Изабековго орден комитеттин жыйынында берилди, ал эми Ахметов жакында эле 50 жылдыгын белгилегенде алганы айтылды.
Айсулуу, Акжол, Эрназар жеңүүчү. Спорттогу мыктылар сыйланган аземден сүрөт, видео
Эскерте кетсек, Бишкектеги отелдердин биринде УОКтун жыйыны өтүүдө. Анда акыркы жылдардагы иштер тууралуу маалымат айтылып, ошондой эле комитеттин башчысы, орун басары жана башка мүчөлөрү шайланмакчы.
Нурбек Изабеков аялдар күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу. Быйыл Токио Олимпиадасында ал машыктырган Айсулуу Тыныбекова күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алган. Ал эми Мейрамбек Ахметов таптаган Акжол Махмудов да күмүш медалга ээ болгон.