БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Египеттин Каир шаарында жашаган мекендештер менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Египеттин Каир шаарында жашаган мекендештер менен жолукту
© Фото / пресс-служба МИД КР
Анда Артыкбаев кыргыз жарандарынын көйгөй, кыйынчылыктарын угуп, аларды чечүү жолдорун талкуулады. Дипломат кыргыз жарандарынын консулдук-укуктук маселелерин чечүүдө египет тарап жардам берерин айтып, мындай макулдашуу Кыргызстан менен Египеттин Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы биринчи саясий кеңешмесинин жыйынтыгында кабыл алынганын белгиледи.
Министрдин орун басары Кыргызстан менен Египеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата 2022-жылы эки өлкөдө тең маданият күндөрүн жана түрдүү иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын кошумчалаган.