БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бүгүн, 10-декабрда, Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун жети жылдыгына карата өткөрүлгөн улуттук кийимдер боюнча сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Эске салсак, редакция кыргыз элинин каада-салтын жана маданиятын колдоо максатында туулган күнүнө карата флешмоб-сынак жарыялаган. Ага социалдык тармак аркылуу 88 адам катышкан.
Катышуучу өзүнүн баракчасына улуттук кийим (кайсы элдики экени маанилүү эмес) кийип түшкөн сүрөтүн жарыялап, #Sputnik7лет жана #Sputnik7жаш хештегдерин коюшу керек эле.
Жыйынтыгында эң көп лайк жана комментарий топтоп Каныкей Роза аттуу кыз жеңүүчү аталды.
Анын улуттук кийим менен түшкөн сүрөтүнө 8 миңден ашык киши лайк басып, 600дөн көп адам комментарий жазган.
Анын улуттук кийим менен түшкөн сүрөтүнө 8 миңден ашык киши лайк басып, 600дөн көп адам комментарий жазган.
Мындан сырткары, дагы 20дай кыз-келин жана жигиттердин сүрөтү мыкты деп табылып, аларга Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда атайын сыйлыктар, 2022-жылдын эң кооз календары тапшырылган.
Сынакка катышып, башкалардан өзгөчөлөнгөн кыз-келиндердин сүрөттөрү:
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет.
{{#pages}}
{{title}}
{{/pages}}