БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы жыйынында сүйлөп жатып, кесиптештерин бир катары маанилүү маселелерге көңүл бурууга чакырды.
Жапаровдун айтымында, азыркы кризис жана анын жалпы биримдиктин экономикасына тийгизген терс таасири, анын ичинде жакырчылык деңгээлинин өсүшү, жумуш орундарынын кыскарышы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
"Бул үчүн биргелешкен аракеттерибиз менен кооперациялык долбоорлорду жүзөгө ашырууну колдоонун натыйжалуу механизмдерин ишке киргизишибиз керек. Жалпысынан товар экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө жана экономикабызды өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизе турган логистикалык инфраструктураны жана бөлүштүрүү системаларын түзүү зарыл", — деди ал.
Ошондой эле ал мындай системалар соода, транспорт, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык жөнгө салуу, бажы көзөмөлү чөйрөлөрү заманбап санариптик кызматтар менен коштолушу керек экенин кошумчалады.