Садыр Жапаров: ЕАЭБде улуттук валюталар көбүрөөк колдонулушу керек

Жапаров тышкы инфляциялык факторлордун таасири күчөп жаткан улуттук валюталарды активдүү колдонуу боюнча конкреттүү сунуштар даярдалышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматындагы жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичиндеги өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды колдонуу зарылдыгын билдирди.
"Тышкы инфляциялык факторлордун таасири күчөп жаткан шартта жана экономикабыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өз ара эсептөөлөрдө улуттук валюталарды активдүү колдонуу зарыл", — деди Жапаров.
Буга байланыштуу ал өкмөттөр деңгээлинде бул маселе боюнча конкреттүү сунуштар даярдалышы керектигин кошумчалады.