Садыр Жапаров мигранттардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты

Өлкө башчы эпидемиологиялык кырдаалда башка өлкөдө иштеп жаткан жарандарыбыз жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кепилдик болушу керек деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. ЕАЭКтин аймагында иштеп жаткан жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык камсыздандыруу системасы жеткиликтүү болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык жогорку кеңештин жыйынында айтты.
"Биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу маанилүү. Айрыкча эпидемиологиялык кырдаалда иштеп жаткан жарандарыбызга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кепилдик болушу керек. Биз алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына да, өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөрдүн кыйынчылыксыз өтүүсүнө да шарт түзөлү", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы евразиялык интеграциянын алкагында бирдиктүү эмгек рыногу маселесине көңүл бурду. Ал биримдиктеги өлкөлөрдүн аймагында эмгектенгендерге тиешелүү шарттарды түзүү боюнча ишти улантуу керектигин кошумчалады.