Россиядан Бишкекке азык-түлүктүн кезектеги партиясы алып келинди. Видео

БУУнун Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кампасына Россиядан байытылган ундун кезектеги партиясы жеткирилди. Кененирээк Sputnik агенттигинин видеосунан көрүңүз.
Sputnik
Жыл соңуна чейин Россиядан Кыргызстанга 1 430 тонна ун алып келинет. Аны муктаж болгон 40 миң үй-бүлө алат, ошондой эле балдарга мектеп тамактануусу боюнча программанын алкагында берилет.
Казакбаев РФ элчиси Удовиченко менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Азык-түлүктү тапшыруу иш-чарасына социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын элчиси Николай Удовиченко жана БУУнун КРдеги дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты.

Удовиченконун айтымында, быйыл жалпы жонунан 4,5 миң тонна ун, 380 тонна суу май жеткирилген.
Россиянын элчиси Николай Удовиченко
"Акча менен айтканда бул болжол менен 4,5 миллион долларды түзөт. Келерки жылы дагы азык-түлүк жеткирүү программасын ишке ашыруу үчүн каражат бөлүү чечими жаңы эле кабыл алынды", — деди элчи.
Россиянын колдоосу астында программа пандемия учурунда дагы иштегени белгиленди.