"Душманынын" башын мүйүзүнө илип алган бугу видеого түшүп калган

Бугулар куут мезгилинде өтө агрессивдүү болуп баарын атаандаш катары кабылдап калат. Кадрдагы бугу өлүп калган жаныбардын башын капыстан илип алган болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. —Sputnik. Мүйүзүнө атаандашынын башын илип алып жүргөн бугунун видеосу интернетке жарыяланды. Табияттын ырайымсыз мыйзамдарын чагылдырган укмуштуудай көрүнүштү National Geographic Россия сайты чыгарды.
Жаныбардын мындай абалга кантип туш болуп калганы белгисиз.
Маалыматка караганда, кадрды Японияда жашаган америкалык Колетт Инглиш тартып алган. Андан бугу мүйүзүнө экинчи бир бугунун башын илип алып кар баскан токойду аралап жүргөнүн көрүүгө болот.
Бугулар куут мезгилинде өтө агрессивдүү болуп баарын атаандаш катары кабылдап калат. Кадрдагы бугу өлүп калган жаныбардын башын капыстан илип алган болушу мүмкүн же болбосо айыгышкан салгылашта жеңип, өлгөн бугуну сүйрөп жүрүп башын жулуп алган болушу дагы ыктымал.
Жаздын келиши менен бугулардын мүйүздөрү сынып түшүп, жаңысы өсүп чыгат. Ага чейин бул жаныбар "душманынын" көзүн тиктеп күн кечирүүдө.