Радио

Кулмырзаев: "Манас" университетинде илим изилдөөгө өзгөчө басым жасалат

Кыргыз-түрк "Манас" университетинин биринчи проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Асылбек Кулмырзаев быйыл окуу жайдын 25 жылдыгы белгиленгендигин айтты.
Sputnik
Университет кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтүнүн келишиминин негизинде түптөлүп, учурда 200дөн ашык жогорку окуу жайлары менен кызматташат. Мындай маалыматты Асылбек Кулмырзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маалыматтык технологиялар мезгилинде жогорку окуу жайлары илим изилдөөгө көңүл бурушу керек.
"1995-жылы 30-сентярбда Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде "Манас" университети түптөлгөн. Пандемияга байланыштуу окуу жайдын 25 жылдыгы быйыл белгиленди. 25 жыл университет үчүн абдан кыска мөөнөт. Дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын 100-200 жылдай тарыхы бар. Учурда билим берүү тармагында абдан чоң атаандаштык жүрүп жаткандыктан илим изилдөөгө маани берилиши керек. Илимий макалалардын саны боюнча биз Кыргызстанда биринчи орунда турабыз", — деди Кулмырзаев.
Ошондой эле адис окуу жайда лабораториялардын абалы, программалардын сапаты, окутуучулардын кесипкөйлүгү жогорку орунда турарын айтты.