Пандемияга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 68-орунга чыкты

Борбор Азиянын башка өлкөлөрү тууралуу айта турган болсок, Казакстан 55инчи, Өзбекстан 82инчи, Түркмөнстан 119унчу, Тажикстан 140-орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо тармагынын коопсуздугу боюнча глобалдык индекс рейтингинде (GHS) Кыргызстан 68-орунду ээледи. Бул тууралуу GHS сайтында жарыяланды.
Рейтингди түзүүгө АКШдагы Nuclear Threat Initiative коммерциялык эмес уюму, ден соолук коопсуздугу боюнча Жон Хопкинс университети жана Economist аналитикалык борбору катышты.
Москва COVID менен күрөштө жаңыча иштегендердин рейтинги боюнча алдыга чыкты
Адистер 195 мамлекетти камтып, алардын саламаттык сактоо системасынын масштабдуу пандемияларга канчалык даяр экенин иликтеп көрүшкөн. Маалыматтар ачык булактардан жана эл аралык уюмдардан алынган.
Рейтингде Кыргызстан 68-орунга чыкты. Борбор Азиянын башка өлкөлөрү тууралуу айта турган болсок, Казакстан 55инчи, Өзбекстан 82инчи, Түркмөнстан 119унчу, Тажикстан 140ынчы орунда турат.
Пандемияга даярдык жагынан биринчи орунга АКШ чыкты. Сап башындагы ондукта Финляндия, Канада, Улуу Британия, Германия жана Түштүк Корея сыяктуу мамлекеттер бар. Россия 47-орунда.
Пандемияга эң начар даярдыктагы өлкө деп Сомали аталды.