Садыр Жапаров Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольцту Кыргызстанга чакырды

Германия федеративдүү республикасынын федералдык канцлери Олаф Шольц
Өлкө башчы Магдалена Андерсонду Швециянын премьер-министри кызматына шайланышы жана Карл Нехаммерди Австриянын канцлери кызматына киришүүсү менен да куттуктап өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Олаф Шольцту Германия федеративдүү республикасынын федералдык канцлери кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Социал-демократиялык партиясынын парламенттик шайлоодо жеңиши менен да куттуктап кеткен.
"Кыргызстан үчүн Германия менен кызматташуу Европа багытында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ. Анын мындан ары дагы тереңдеп өнүгүшүнө жана ар кандай чөйрөлөрдө бекемделишине кызыкдарбыз. Сизди 2022-жылы Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келүүгө чакырам. Учурдан пайдаланып Германиянын федералдык өкмөтүнө Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге бекем ден соолук, мамлекеттик ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Германия элине тынчтык, өнүгүү жана бакубаттык каалайм", — деп жазылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Мамлекет башчы Магдалена Андерсонду Швециянын премьер-министри кызматына шайланышы жана Карл Нехаммерди Австриянын канцлери кызматына киришүүсү менен да куттуктап өткөн. Жаңы кызмат ээлерине иштерине ийгилик, ден соолук каалаган.