Бүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити болот

Иш-чарага ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары жана ЕЭК коллегиясынын жетекчиси Михаил Мясникович катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бүгүн Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында кабарланды.
Ага президент Садыр Жапаров дагы катышарын өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Андан тышкары, иш-чарага ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары, ЖЕЭКтин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаевдин, ЕЭК коллегиясынын жетекчиси Михаил Мясникович жана байкоочу өлкөлөр Куба менен Өзбекстандын лидерлери катышары күтүлүп жатат.
Күн тартибине 20дан ашык маселе коюлган.