Бишкектин түштүгүндө үч автоунаа кагышты. Үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болуп, Lexus үлгүсүндөгү автоунаадан эки адам жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкектин түштүк бөлүгүндө үч автоунаа кагышты.
Бишкектин Кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, жол кырсыгы саат 09:00дө 7-Апрель көчөсүндө, Түштүк магистралдын ылдый жагында катталган.
Анда Lexus, BMW жана Toyota Estima үлгүсүндөгү минивэн кагышкан. Интернетте кырсыктын видеосу тарады. Анда көрүнүп тургандай, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын темири эле калган.
Ыкчам медицина борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу каза болуп, Lexus үлгүсүндөгү автокөлүктөн эки адам жабыркаган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.