БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. 13-15-декабрь аралыгында Бишкектин кээ бир аймактарында газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Буга байланыштуу Тоголок Молдо, Саадаев, Ала-Арча дарыясы, ЧЧК, Көлмө конушу, Салам-Алик, Щербаков көчөлөрүнүн чектешкен аймактарында көгүлтүр от берүү үзгүлтүккө учурайт.