Садыр Жапаров: Бишкекте 30 миң орундуу футбол стадионун салуу пландалууда

Президент ар бир облустун футбол боюнча профессионалдуу курама командасы, Футбол академиясы болушу кажет экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн футбол стадионун салууну пландап жатабыз. Бирөөдөн жардам сурабай, өзүбүздүн бюджеттик акчага курабыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдык мааракесине арналган иш-чарада билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, футбол ойногонду мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин жайылтса, Кыргызстанды күчтүү өлкөгө айландырууга салым болорун белгилеген.
"Учурда кыргыз футбол чөйрөсүндө көйгөйлөр да жок эмес. Инфраструктура начар болгондуктан, спорттун бардык тармагы үчүн эң чоң көйгөй жаратып келет. Өлкө боюнча жаңы стадиондорду куруу аймактарда футбол оюндарын өнүктүрүүгө түрткү бермек. Кудай буюрса, Бишкектин Совет-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн жанында 30 миңден кем эмес көрүүчү үчүн футбол стадионун курууну пландаштырып жатабыз. Бирөөнөн жардам сурабай өзүбүздүн бюджеттик акчага курабыз", — деген Жапаров.
Президент ар бир облустун футбол боюнча профессионалдуу курама командасы, Футбол академиясы болушу кажет экенин белгилеген.
Футболчу Айзар Акматов карьерасын Бангладеште улантмай болду
"Өзүңүздөр билгендей быйыл спорттун футбол, волейбол, баскетбол түрлөрүн камтыган "Мектеп лигасы" долбоорун ишке киргиздик. Анын максаты — окуучулар арасында массалык спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын пропагандалоо болуп эсептелет. Буюрса бул долбоорду улантабыз, жаш спортчуларды иргеп алууга, сыноого мүмкүн болгон жаңы долбоорлорду иштеп чыгабыз", — деген мамлекет башчы.
Ал спортчуларга өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркын көтөрүп жатканына ыраазычылык билдирип, ийгилик, ден соолук каалаган.