Жыл соңуна чейин Бишкекте дем алыш күндөрү жарманке өтөт. Дареги

Жарманкеге соода кылуу үчүн келген шаардыктар айыл чарба азыктарын, өндүрүш продукцияларын ортомчусу жок, арзан сатып ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жыл соңуна чейин Бишкекте ар жуманын дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсүнүн Киевден Токтогулга чейинки бөлүгүндө уюштурулат.
"Азык-түлүктү ортомчусу жок, өндүрүшчүлөрдүн койгон баасы менен алууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Кызматташууну каалагандар 0707 702 703, 0771 949 499 номерлери аркылуу байланышка чыга алат.