БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дипломатиялык миссия өкүлдөрү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушуу учурунда "Кумтөр" кени боюнча кайрылуу жасаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, бийликтин тез-тезден алмашуусуна дал ушул алтын чыккан жер себепчи болот.
"Кыргызстандын саясий элитасы дал ошол "Кумтөрдөн" мүдүрүлүп келген. Экономикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы жана татаал келишимдерди түзүү үчүн зарыл билими жок болгондуктан, интеллектуалдык жактан аксап, айланган казандан чыга албай келди. Бирок бул дагы бери жагы эле. Эң жаманы – моралдык жактан сынды", — деген Жапаров.
Ал Кыргызстандын дээрлик бардык президенти кызматта турган учурда Кумтөрдөгү талап-тоноодон өз үлүшүн алып келгенин кошумчалады.
"Муну көрүп-билип турган өлкөнүн башка чиновниктери менен мамлекеттик кызматкерлери эмне гана кылган эмес. Ар ким колу жеткен жердин баарын ала баштаган. Мен өлкөдөгү бардык балээнин түпкү себебин дал ушундан көрүп турам. Анткени адилеттүүлүктү жогору койгон элибиз бул коррупцияга чыдай алган жок", — деген ал.
Акылбек Жапаров Кумтөр маселесине эми чекит коюлганын айтып, "бул дарттын" ириңдүү жери ачылып, дарылана баштаганын кошумчалады.
"Ооба, Кыргызстандын бардык көйгөйлөрүн Кумтөр маселесине байлоо мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз. Бирок бул оорунун чордону болгон. Калганынын баары билим берүүгө, салык салууга, бажыга, медицинага, энергетикага таасирин тийгизген метастаз болчу. Бул метастазды биз тазалай баштадык", — деген Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет бирөөнүн сезимдерине, диний ишенимдерине кийлигишүүгө жол бербей турганын айткан.