Радио

Ажиева: зордук-зомбулук боюнча көйгөйлөрдү көтөрүүгө 16 күн жетишсиз

"Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин өкүлү Элиза Ажиева өлкөдө бүткүл дүйнөлүк гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктүн алкагында ар кандай иш-чаралар өтүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Зордук-зомбулук боюнча абал жакшырганга чейин ал тууралуу тынымсыз айта берүү керек. Мындай пикирин Элиза Ажиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда үй-бүлөлүк зомбулук 65 пайызга өскөн.
"Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүк жыл сайын өтүп келет. Темасы ар жылда ар башка болот. Мисалы, өткөн жылдарда ала качуу, эрте никеге туруу, миграциядагы аялдардын укуктарына басым жасалган. Быйыл пандемияда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күч алганынан улам ушул көйгөйгө багытталды. ИИМдин маалыматы боюнча, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү 65 пайызга өскөн. Ошондуктан зомбулукту болтурбоого багытталган ар кандай иш-чаралар мамлекеттик, аймактык деңгээлдерде өтүүдө. Көбүнчө борбор калаанын жаңы конуштарындагы ички мигранттар пандемияда жумушсуз калып, бул үй-бүлөдө зомбулуктун күч алышына түрткү болду. Албетте, зордук-зомбулук боюнча тийиштүү маалыматтарды керектүү органдарга жеткирүү, коомчулукка алып чыгуу үчүн 16 күн аздык кылат. Ошондуктан бул боюнча 16 күндүктө эле эмес, абал жакшырганга чейин күн сайын айтып туруу зарыл", — деди Ажиева.
Ошондой эле ал 2016-жылы ала качуу, эрте никеге турууга карата кылмыш жоопкерчилиги киргизилгенден кийин бул көрүнүштөр 20 пайызга азайганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өлкөдө зордук-зомбулукту азайтууга багытталган 16 күндүк өнөктүк өтүүдө. Ал 25-ноябрь — Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда, Адам укуктарынын эл аралык күнүндө аяктайт.