Улуттук статистика комитетинин жетекчиси алмашты

Кудайбергенов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Бишкек мэринин милдетин аткарган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Самат Насридинов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчынын башка жарлыгы менен аталган комитетке Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.
Буга чейин Кудайбергенов президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген. Ага чейин Бишкек мэринин милдетин аткарган. 200019-жылдан 2021-жылга чейин Чүй облустук мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.