"Түндүк электрдин" сall-борборуна жаңы номерлер кошулду

Абоненттер каалаган уюлдук компаниянын номери менен ишканага чала алат. Ошондой эле WhatsApp аркылуу да байланышууга болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасы 1209 сall-борборуна жаңы номерлерди кошту.
Компаниянын маалымат кызматы энергетиктер абоненттерди тейлөөнү жакшыртуунун аракетин көрүп жатканын белгиледи.
Эми 1209 жана (0772, 702, 556) 00-12-09 номерлеринен сырткары диспетчерлерге дагы үч номер менен чалууга болот:
Ошондой эле (0551) 00-12-09 номериндеги WhatsApp аркылуу байланышууга болот.
"Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.