Радио

Нажимудинов: троллейбус ишин жөндөөдө Москванын тажрыйбасын колдонсо болот

Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов шаардагы троллейбустардын ишин жөнгө салууда Москванын тажрыйбасын колдонууга болорун айтты.
Sputnik
Жол тыгындарын жоюу үчүн жана шаардын көркүн бузуп жаткандыктан Москванын борбордук бөлүгүндө жайгашкан троллейбус линиялары алынып жатат. Бул тууралуу Улан Нажимудинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус линияларын куруу чыгашалуу болгондуктан бир катар мамлекеттер электробустарга өтүп жатышат.
"Шаарда троллейбустардын ишин жөнгө салууда Москванын тажрыйбасын алсак болот. Мисалы, Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан көчөлөрүндө троллейбустук линиялардын баарын алып жатат. Анткени шаардын көркүн бузууда. Жаңы троллейбус линияларын куруу чыгашалуу болгондуктан көп өнүккөн өлкөлөр бул чечимди четке кагып жатышат. Алсак, зым тартуу көп акчаны талап кылууда. Анын ордуна электробустарды колдонуу экономикалык жана экологиялык жактан да ыңгайлуу болот", — деди Нажимудинов.
Ошондой эле адис Бишкек мэриясы менен Азия өнүктүрүү банкы 120 электробус жана аларды кубаттоочу инфраструктурага тендер жарыялаганын, алгачкы партиясын 2022-жылдын жай-күз айларында алып келүү пландалып жаткандыгын кошумчалады.