Кыргызстандык армрестлинг спортчулары дүйнө чемпионатынан 3 медаль алышты

Мелдеш Румыниянын баш калаасы Бухарест шаарында 24-ноябрда башталып, 3-декабрда жыйынтыкталды. Анда Кыргызстандан алты спортчу ат салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. —Sputnik. Кыргызстандын армрестлинг боюнча курама командасынын балбандары дүйнө чемпионатынан эки алтын, бир күмүш байгеге ээ болушту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 24-ноябрдан 3-декабрга чейинки аралыкта Румыниянын баш калаасы Бухарест шаарында өттү.
Чемпионатта улуттук команданын алты спортчусу ат салышкан. Кристина Болдырева кесипкөйлөр арасында, Елена Тараторина 40 жаштан ашкандардын спорт чебери категориясында жеңүүчү болуп, алтын медаль тагынган.
Ал эми Сергей Чиналиев 50 жаштан ашкан ардагер спортчулар арасында таймашып, күмүш байгеге татыды.