Соцобъектилер үчүн жерди трансформациялоо укугу акимдерге берилет. Долбоор

Азыркы тапта социалдык объектилерди куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоого алты айдан эки жылга чейин убакыт кетип жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Жер кодексине, Токой кодексине жана Жер которуу (трансформация) мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Ага ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди саламаттык сактоо, маданият жана искусство мекемелерин, мектеп, бала бакча куруу үчүн трансформациялоо укугун жергиликтүү мамлекеттик администрацияга (акимиат) өткөрүп берүү каралууда. Учурда бул маселе министрлер кабинети тарабынан чечилет.
Асылдуулугу төмөн жайыттарды 20 жылга ижарага берүү мыйзамы сунушталды
Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоорунун максаты ата мекендик ишкерлерди колдоо, трансформациялоо маселесин ыкчам чечүү экенин белгиледи.
Ошондой эле ал буга чейин социалдык объектилерди куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоого алты айдан эки жылга чейин убакыт кетип жатканын кошумчалады.