Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт

Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте үчүнчү ирет республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 19-декабрь күнү саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде башталат. Чемпионатты "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурмакчы.
"Сынак сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлмөкчү. Сайма чемпионатына Кыргызстандын бардык аймактарынан сайманын "керме" түрүн билгендер катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Шарттары:
Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
Иш-чарага каттоо 19-декабрга чейин уланары кошумчаланды.