"Омикрон" штаммынын сүрөтү жарыяланды

Электрондук микроскоптун жардамы менен окумуштуулар вирус кирип жабыркаган клеткалардын сүрөтүн ала алышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Гонконг университетинин окумуштуулары коронавирустун "омикрон" штаммынын микросүрөтүн жарыялашты. Бул тууралуу "Известия" маалымат булагы жазды.
Сүрөт электрондук микроскоптун жардам менен тартылган. Анда “омикрон” штаммы менен ооруган маймылдын бөйрөк клеткасы көрсөтүлгөн. Эксперттердин белгилешинче, сүрөттө вирус бөлүкчөлөрү менен жабыркаган клеткаларды байкоого болот. Ал эми чоңойтуп караганда үстүндө таажы түрүндөгү тиштери бар вирустук бөлүкчөлөр көрүнөт.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айтымында, "омикрон" штаммы иммунитети начар, COVID-19 илдетинен сакайган же толук айыкпай калган адамда пайда болушу мүмкүн.