Бишкектин Ленин районунда COVID-19га каршы эмдөөчү дагы эки пункт ачылды

Илдетке каршы вакцина алууну көздөгөн жарандар өздүгүн тактаган документин ала барышы керек. Коронавирустун "омикрон" штаммы чыкканына байланыштуу адистер калкты эмдөө процессин тездетүүнү сунуштоодо.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунда коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзгөн дагы мобилдик эки пункт ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Биринчиси "Ала-Арча" соода борборунда жайгашып (Чыңгыз Айтматов проспектиси, 299в дареги, 2-кабат), саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Экинчиси "Кенч" соода борборунда ("Ош базары" соода комплекси, 3-кабат) ачылган. Иш убактысы саат 10:00дөн 17:00гө чейин.
Ленин районундагы башка эмдөөчү жайлар:
Мэрия эмдөөдөн өтүүнү каалаган жарандарды жанына өздүгүн тактаган документин ала барууну эскертти.