Белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева көз жумду

Суранчиева көп жыл бою Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында гримёр болуп эмгектенип, театрдын грим бөлүмүн жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Белгилүү гримёр Гүлнара Суранчиева 74 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу режиссёр Жаныш Кулмамбетов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Ал көп жыл Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында гримёр болуп эмгектенип, театрдын грим бөлүмүн жетектеп келген.
Гүлнара Суранчиева атактуу гримёр Абдылдабек Сманалиевдин шакирти жана актриса Шайыр Касымалиеванын апасы.