Фермерлер жалпы пенсионерлердин 40 пайызын түзөт, бирок алар төккөн акча жалпы төлөмдүн бир гана пайызына туура келет. Бул тууралуу Бактияр Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Социалдык фонд учурда колдонуучулар үчүн өзүнүн мобилдик тиркемесин иштеп чыгууда.
"Социалдык фонддун эле эмес бүтүндөй мамлекеттин баш оорусу болгон маселе бар. Ал пенсияга чыккан фермерлердин саны менен алар төккөн каражаттагы чоң айырмачылык. Тактап айтканда, өлкөдөгү пенсионерлердин 40 пайызы фермерлер болсо, алар Соцфондго төккөн каражат жалпы төлөмдөрдүн болгону бир пайызын түзөт. Бул теңсиздик жана иретке келтире турган маселе. Жеке пикиримде, ар бир жаран төккөн төлөмүнө жараша пенсия алышы керек", — деди Алиев.
Ал аймактарда чакан бизнести өнүктүрүп, фермерлерге көмөк көрсөтүү максатында аталган фонд өзүнүн банкын түптөөнү пландап жаткандыгын кошумчалады.