COVID 66 кишиден табылып, эки бейтап көз жумду. Статистика

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 810го жетти. Анын ичинен 178 851и айыгып, 2 764ү акка моюн сунду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Өткөн суткада 66 бейтаптан коронавирус табылып, 74 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Муну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 810го жетти. Анын ичинен 178 851и айыккан.
Россия ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн кыскартты. Кыргызстандыктарга таасир этеби? 
Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны ушуну менен 2 764кө жетти.
Азыркы тапта стационарда 365, ал эми амбулатордук шартта 347 адам дарыланып жатат.
Өткөн сутка ичинде эмдөөдөн 9 166 адам өттү, анын ичинен 4 511 адам биринчи дозаны, 4 655 адам экинчи компонентти алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 148 733 болду (экинчи дозаны алууга 928 916 адам жетишти).