БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Боомдо кырсыктап, өрттөнүп кеткен автоунаадан үч киши жабыркады. Алардын ичинен 35 жаштагы аялдын денеси күйүп калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бүгүн эртең менен Боом капчыгайында AUDI C4 үлгүсүндөгү автоунаа тосмого урунуп өрттөнүп кеткен. Саат 09:57де жерине барган куткаруучулар өрттү толугу менен 10:05те өчүргөн.
Боомдо кырсыктап, өрттөнүп кеткен автоунаадан үч киши жабыркады. Алардын ичинен 35 жаштагы аялдын денеси күйүп калган.
© Фото / пресс-служба МЧС
"Кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркап, алардын ичинен 35 жаштагы О.Т. аттуу аял денесинен күйүк алды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген", — деди ӨКМ.
Автокырсык Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 122-чакырымында катталган.