Бишкектик окуучу эл аралык олимпиадада коло алды

Окуучу математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 баллды топтой алган. Олимпиада 6-9-декабрь күндөрү Азербайжандын борбору Бакуда өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкектик окуучу Фёдор Корнияш "Таланттарды даярдоо лабораториясы" аталышындагы математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасында коло байге алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Олимпиада 6-9-декабрь күндөрү Азербайжандын борбору Бакуда өттү. Бишкектеги № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинде 7-класста окуган Корнияш математика боюнча 40 баллдын ичинен 38 баллды топтоп, үчүнчү орунга татыган. Олимпиадага аны математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Команданын курамында Ош облусунун Гүлчө айылындагы Жумабаев атындагы орто мектептин 9-класстын окуучусу Аймончок Абдигапарова жана Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-класстын окуучусу Бектур Баратали болгон.