"Кальмар оюнунун" каармандары Бишкекти аралады. Өзгөчө рейддин сүрөттөрү

Рейдге чыккандар ой келди жерге топтошуп туруп, автобус жана маршрутка күткөн шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аялдамаларга жөнөтүп жатышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Транспорт башкармалыгынын кызматкерлери жол тосуп турган жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эске салуу боюнча рейдде чуулуу "Кальмар оюну" тасмасындагы каармандын костюмун кийип чыгышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
1 / 2
Бишкек шаарынын Транспорт башкармалыгынын кызматкерлери жол тосуп турган жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоонун маанилүүлүгүн эске салуу боюнча рейдде чуулуу "Кальмар оюну" тасмасындагы каармандын костюмун кийип чыгышты
2 / 2
Мындай жол менен негизинен шаардыктардын көңүлүн бурдуруу максаты коюлганы айтылат.
Мындай жол менен негизинен шаардыктардын көңүлүн бурдуруу максаты коюлганы айтылат.
Рейдге Транспорт башкармалыгынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Транспорт инспекциясынын жана Кайгуул милициясынын кызматкерлери катышты.
Алар ой келди жерге топтошуп туруп, автобус жана маршрутка күткөн шаардыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аялдамаларга жөнөтүп жатышты.
Бишкектин көчөлөрүн тазалаган кыз-келиндер "моделге" айланганда. Сүрөттөр
Мындан тышкары, жол инспекторлору айдоочулардын документтерин, салондордун ичин карап, элди бет кап режимин сактоого чакырышты. Ошондой эле жүргүнчүлөргө жол чийиндерден эрежени бузбай өтүү керектиги эскертилди.
Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочулары жолдо жүрүү эрежеси бузулган беш факты катталды.
"Кальмар оюну" деп аталган түштүк кореялык фильм 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде азыр 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат. Сюжети чуулуу болгондуктан, кыска убакыт ичинде дүйнө жүзүндө популярдуулукка жете алган.