Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Сүрөт

Жапаров менен Назарбаев соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктар, анын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу тууралуу кеп кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти —  Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти —  Нурсултан Назарбаев менен жолукту
2 / 3
Жапаров менен Назарбаев эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктар, анын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу кеп кылышкан.
3 / 3
Назарбаев өлкөлөр ортосундагы мамилени бир туугандык жана коңшулук жакын ымала бекемдеп турарын айткан
Жапаров менен Назарбаев эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыктар, анын ичинде эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу кеп кылышкан.
Жапаров Токаев менен жолугуп, кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү
Назарбаев өлкөлөр ортосундагы мамилени бир туугандык жана коңшулук жакын ымала бекемдеп турарын айткан.
Жолугушууда Акылбек Жапаров өзүнүн жана президент Садыр Жапаровдун атынан Нурсултан Назарбаев менен казак элин Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаган.