Кайсы жол эрежесин бузган айдоочу 5,5 миң сом айыпка жыгылат? Жаңы кодекс

Кайгуул кызматы айнекти караңгылатуу Бажы биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керектигин эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жаңы кодекс боюнча Кыргызстандын айдоочуларына бир катар жол эрежесин бузганы үчүн 5 500 сомдон айып пул каралган. Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеме кодекс 1-декабрда күчүнө киргенин эске салды. Анда "Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу" деген 194-берене бар.
5 500 сом өлчөмүндөгү айып пул төмөнкү үч эрежени бузгандарга салынат:
Кайгуул кызматы айнекти караңгылатуу Бажы биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык келиши керектигин эскерткен.
Радио
Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат
Белгилей кетсек, жогорудагы пунктулардын ичинен алдыңкы экөө үчүн юридикалык тараптарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми үчүнчү пунктуда жеке тараптар гана айыпка жыгылат.
Кыргызстанда унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Өкмөттүн токтомунда караңгылатууга жол берилген унаалардын тизмеси да келтирилет. Ага ылайык, президенттин, өкмөт башчынын, спикердин жана Жогорку сот төрагасынын унааларын караңгылатууга уруксат. Мындан сырткары, УКМКнын 9-бөлүмүнүн, "Кыргыз инкассациясы" (акча жана баалуу буюмдарды жеткирүү) ишканасынын жана кылмышкерлерди ташыган унаалардын айнегин караңгылатууга жол берилет.
Караңгылатууга уруксат берген башка документтер жараксыз деп табылат.