"Унаа" мекемеси эми ИИМге баш иймей болду. Жапаровдун жарлыгы

Президент кол койгон документке ылайык, Ички иштер министрлигинин курамы кеңейтилип, жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Документке ылайык, Ички иштер министрлиги жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталып, анын карамагына бир катар мекемелер өткөрүп берилген.
"Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин", — деп айтылат маалыматта.
Жарлыкта Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинен жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү да штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен ИИМге каратуу жазылган.