Депутаттык комиссия Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макулдук берген жок

Комиссия УКМК депутатты парламенттин макулдугусуз кармап, кылмышка шектүү катары кабарлама берген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров шектелген кылмыш ишин иликтеген депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын сунушун четке какты.
Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссия Асылбек Жээнбековду абактан чыгаруу чечимин кабыл алды
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.
Комиссиянын төрагасы Канат Исаев депутат мыйзамсыз негизде абакта отурганын белгиледи. Себеби УКМК аны көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз кармап, кылмышка шектүү катары кабарлама берген.
"Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура алты айдан кийин сунуштама берип жатат", — деди Исаев.
Иликтөөнүн натыйжасында депутаттык комиссия төмөнкүдөй тыянак чыгарды:
Буга чейин аталган комиссия Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун четке каккан.