Социалдык фонд банк ачып, элге арзан кредит берүүнү пландап жатат

Алиев коммерциялык банктар Соцфонддон 10 пайыздык коюм менен алып, элге 25-30 пайыздык кредит берип жатканын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Социалдык фонд банк ачып, элге кредит берүүгө ниеттенүүдө. Бул туурасында фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламентте билдирди.
Ал учурда банк ачуу боюнча министрлер кабинетине сунуштап жатканын айтты.
"Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар бизден 10 пайыздык коюм менен каражат алып жатышат. Андан соң алар элге 25-30 пайыз менен кредит берүүдө. Жон терисин сыйрып жатат десек болот. Өзүбүз банк ачсак 8-10 пайыздык үстөгү менен беребиз. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекага жардам берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Социалдык жүктү мойнубузга алып элге жардам бергени жатабыз", — деди Алиев.
Азыркы тапта парламентте Социалдык фонддун 2022-жылга карата бюджети каралууда.
Эскерте кетсек, банк түзүү идеясы тууралуу Бахиятр Алиев буга чейин да Sputnik агенттиги өткөргөн брифингде айткан болчу