Путин менен Байден эки саат сүйлөштү. Талкууланган маселелер

Жолугушуу аяктаган соң Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Байден Украинадагы абалга байланыштуу дагы санкциялар болушу мүмкүн деп айтканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Жо Байден онлайн-форматта жолугуп, маектешүү эки саатка созулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Журналисттерге алардын сөзү жаңы башталган учурду көрсөтүштү. Кадрлардан көрүнүп тургандай, Байден учурашып, дароо сөз баштады.
"Тилекке каршы, "Чоң жыйырмалыктын" (G20) жыйынында көрүшө алган жокпуз. Кийинки жолу бетме-бет кезигебиз деген үмүтүм бар", — деди АКШ президенти.
Андан соң жолугушуу жабык режимде уланды.
Путин Жапаровду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
Буга чейин Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков видеоконференция көпкө созулушу мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле жолугушууда эки тараптуу кызматташуудан тышкары, Украинанын тегерегиндеги курчуп турган абал, НАТОнун Россиянын чек арасына жакындашы боюнча сөз болорун билдирген. Мындан сырткары, тараптар Афганистан, Иран жана Ливиядагы абалды талкуулай турганы айтылган болчу.
Жолугушуу аяктаган соң Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Байден Украинадагы абалга байланыштуу дагы санкциялар болушу мүмкүн деп айтканын билдирди.
Ошондой эле ал Россия менен АКШнын мамилесиндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп убакыт талап кылынарын айтты.
"Кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте. Анткени эки мамлекеттин мамилелеринде бир топ көйгөйлөр бар. Аларды чечүүгө айлар, ал тургай жылдар талап кылынышы мүмкүн. Бардыгын убакыт көрсөтөт", — деди Ушаков журналисттерге.
Сөзүнүн аягында президенттин жардамчысы мындан ары Путин менен Байден телефон аркылуу диалогун уланта берсе болорун кошумчалады.
Эске салсак, бул Россия менен АКШ лидерлеринин экинчи жолугушуусу. Алгач алар ушул жылдын июнь айында Женева шаарында бетме-бет көрүшкөн.