Мыктылар — маектеш, сырдашыңар! Президент телерадио кызматкерлерин куттуктады

Өлкө башчы маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде кызматкерлер аркалаган кесиптин орду өтө бийик экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрь — телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде кызматкерлер аркалаган кесиптин орду өтө бийик экенин белгилеген.
Президент өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөдө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кыларын да айткан.
"Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан биринчи кезекте элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин. Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар — сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда", — деген Жапаров.
Басма сөз күнү: Кыргызстанда беш жылда ЖМКлардын саны 14%га өстү
Мамлекет башчы ошол эле учурда эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпоо керектигин, алар обого чыкпаса да сапаттуу материал даярдоодо орду чоң экенин белгилеген.
Ошондой эле мамлекет жарандардын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу канааттандыруу үчүн бардык шартты түзүп, ар тараптан колдоо аракетинде экенин кошумчалаган.
Президент кызматкерлердин ишине албан ийгиликтерди, чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаган.