Радио

Оторбаева: өлкөдө иммунизация маселеси биринчи орунда болушу керек

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева вакцина алгандардын саны көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал турукташып калганы менен иммунизация процессине өзгөчө көңүл бурулушу керек. Мындай пикирин Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, вакцина алып, илдет илештиргендердин арасында коронавирустун оор түрү менен ооругандар катталган жок.
"Өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абал турукташып калганы менен иммунизация маселеси биринчи орунда каралып жатат. Анткени ал ооруну алдын алуу иштерине кирет. Ооруп калган адам илдетти жеңил гана өткөрүп жана өлүмдөн сактоо үчүн иммунизация алдыңкы иштердин катарында турушу кажет. Башында калк арасында күмөн саноо болуп келсе, учурда туура түшүнүк пайда болуп, эл саламаттыгына кам көрө баштады. Жакында гана коронавирустун "омикрон" деген жаңы штаммы Африкада пайда болду. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 24-ноябрда жаңы штамм тууралуу кабарлады. Демек, эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл", — деди Оторбаева.
Ошондой эле адис коронавирустун жаңы "омикрон" штаммынын 30дан ашык мутациясы бар экендиги айтылып жаткандыгын кошумчалады.