Тарыхый окуя. Москвадагы метродо дароо 10 станция ачылды

Жаңы станциялар Москванын чыгышы менен түштүгүндөгү райондордо транспорт кыймылын жакшыртып, миллиондогон кишиге ыңгайлуу шарт түзөрү айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Москвадагы метродо дароо 10 станция пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Россиянын борборунун шаар куруу саясаты жана курулуш комплексинин сайтында жазылган.
Станцияларды президент Владимир Путин менен калаа мэри Сергей Собянин ачты.
1 / 9
Москвадагы метродо дароо 10 станция пайдаланууга берилди
2 / 9
Станцияларды президент Владимир Путин менен калаа мэри Сергей Собянин ачты
3 / 9
Ири айланма линияда (БКЛ) жер астындагы тогуз жаңы станция ачылып, бирөө баштан-аяк оңдолгон
4 / 9
Алар: "Терехово", "Кунцевская", "Давыдково", "Аминьевская", "Мичуринский проспект", "Вернадский проспект", "Новаторский проспект", "Воронцовская", "Зюзино" жана "Каховская" (реконструкцияланганы) станциялары
5 / 9
Сергей Собянин метронун ири айланма линиясынын 70 пайызы ачылганын, быйыл негизги иштер бүткөрүлүп, кийинки жылы толук кандуу иштеп баштаарын айткан
6 / 9
Учурда аталган метродо жалпысынан 22 станция иштеп жатат, ал эми жаңы линиянын 43,75 чакырымы курулган
7 / 9
Ири айланма линия — Россияда метро куруу жаатында эң ири долбоор жана дүйнөдөгү бирден-бир масштабдуу иштердин катарына кирет
8 / 9
Узундугу 70 чакырымды түзүп, 31 станция жана үч электр депосу курулат
9 / 9
Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бара турчу жолу кыскарып, 35-45 мүнөт үнөмдөлөт.
Ири айланма линияда (БКЛ) жер астындагы тогуз жаңы станция ачылып, бирөө баштан-аяк оңдолгон. Алар: "Терехово", "Кунцевская", "Давыдково", "Аминьевская", "Мичуринский проспект", "Вернадский проспект", "Новаторский проспект", "Воронцовская", "Зюзино" жана "Каховская" (реконструкцияланганы) станциялары.
"Бүгүн Москва метросу үчүн тарыхый окуя болуп, дароо 10 станция ачылууда. Бардыгыңыздарды бул жетишкендик үчүн куттуктайм. Жаңы станциялар Москванын чыгышы менен түштүгүндөгү райондордо транспорт кыймылын жакшыртып, миллиондогон кишиге ыңгайлуу шарт түзөт. Шаардын жалпы ыргагы өзгөрөт", — деген Путин.
Сергей Собянин метронун ири айланма линиясынын 70 пайызы ачылганын, быйыл негизги иштер бүткөрүлүп, кийинки жылы толук кандуу иштеп баштаарын айткан.
Москва COVID менен күрөштө жаңыча иштегендердин рейтинги боюнча алдыга чыкты
Учурда аталган метродо жалпысынан 22 станция иштеп жатат, ал эми жаңы линиянын 43,75 чакырымы курулган.
Ири айланма линия — Россияда метро куруу жаатында эң ири долбоор жана дүйнөдөгү бирден-бир масштабдуу иштердин катарына кирет. Узундугу 70 чакырымды түзүп, 31 станция жана үч электр депосу курулат. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн бара турчу жолу кыскарып, 35-45 мүнөт үнөмдөлөт.
Ал эми азыркы метронун айланма линиясынын узундугу 19,4 чакырымды түзүп, 12 линия кирет, мындайча айтканда, жаңы линиядан 3,5 эсе аз. Жаңы жол метронун учурдагы жана келечекте курула турган линияларын азыркы айланма жолдон 10 чакырымга чейинки аралыкка бириктирет.