Кыргызстанда ар бир бешинчи ымыркай никесиз бүлөдө төрөлгөн

Улуттук статистика комитетинин билдиргенине караганда, негизинен 20-35 жаштагы аялдар никеси жок төрөгөн. Былтыр он беш миңге жакын бала энесинин арызы менен катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы ар бир бешинчи ымыркай никеси жок бүлөдө жарыкка келген. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Негизинен 20-35 жаштагы аялдар никеси жок төрөгөнү айтылат.
"Былтыр юридикалык эмес никеде төрөлгөн 15 миң бала ата-энесинин биргелешкен арызы боюнча катталган. Ошондой эле дагы 15 миңге жакын бала энесинин арызы менен катталган, бул балдар атасыз үй-бүлөдө тарбияланышы ыктымал", — деп жазылган маалыматта.
Эркектер менен аялдар кайсы кылмышка көп барат. Статистика
2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу никелешүүнүн саны 20 пайызга кыскарган. Расмий түрдө үй-бүлө кургандардын жарымынан көбү 20-29 жаштагылар.
Үйлөнгөндөрдүн ар бир төртүнчүсү эки ача жолго түшөт. Айыл жеринде миң никеге 162 ажырашуу туура келсе, ал эми шаардагы ажырым жолго түшкөндөр андан эки эсе көп.
2020-жылы Кыргызстанда 158 174 ымыркай төрөлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 15 427ге аз.