Кыргызстандык мушкер OPEN FC лигасынын чемпиондук куру үчүн таймашат

Беттеш 2022-жылдын 29-январында Россиянын Тольятти шаарында өтүүчү OPEN FC 16 мелдешинде болот. Кыргыз мушкери ММА спортунда жеңиле элек.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Асылбек Рустамбек OPEN FC ММА мелдешинин эң жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн таймашат. Бул тууралуу мушкерлер лигасы өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 
Жаңыдан жылдызы жанган кыргызстандык атлет чемпиондук наам үчүн кармашта россиялык Алексей Шапошников менен кез келет. Беттеш 2022-жылдын 29-январында Россиянын Тольятти шаарында өтүүчү OPEN FC 16 мелдешинде болот.
Ата мекендик спортчу буга чейин лиганын эң жеңил салмактагы Гран-при мелдешинин жарым финалында россиялык Гусейн Халиков менен кез келип, биринчи эле раундда башка тээп нокаутка кетирген.
Ал ММА спортунда жалпысынан төрт беттешке чыгып, бир да жолу жеңиле элек. Ал эми атаандашы 12 таймаштын тогузун жеңип, үч ирет жеңилүү ызасын тарткан.