Улуу өнөрдүн учугун улаган чеберлердин мурасы... Кыргыз жыттанган сүрөттөр

Кыргыздар байыртадан зергер, уста, уздарды өзгөчө барктап, өнөрүн даңазалап келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз элинде эзелтеден ата өзүнүн устачылык, зергерчилик өнөрүн уулдарына, ал эми энелер кыздарына сайма сайганды, кийиз жасаганды, үй оокаттарына тың болгонду үйрөтүп келген.
Уул-кыздардын тың, тыкан, иш билги болгону ата-энесинин мыкты тарбиясынан, аларга жакшы жол көргөзгөнүнөн кабар берет эмеспи.
1 / 11
Чоң ата небересине өз чеберчилигин үйрөтүүдө
2 / 11
Ачык асман алдында кол өнөрчүлүк менен алектенген апалар. 100 жыл мурун тартылган сүрөт.
3 / 11
Жайлоодогу жай турмуш. Жүн тыткан апа, тигүү машинасын иштеткен аял.
4 / 11
Энеден кызга өткөн өнөр, жөндөм
5 / 11
Шырдак жасаган токтогулдук Каныкей Сүйөркулова, 1981-жыл
6 / 11
Ат-Башыдагы шырдак фестивалынын катышуучусу
7 / 11
Шырдакчы Акбара Мирзабаева небереси Гүлзаман менен
8 / 11
Кыргыз калпактарын жасаган уз
9 / 11
Ат жабдыктарын даярдаган кол өнөрчүлөр
10 / 11
Кыздарын кол өнөрчүлүккө үйрөткөн эне
11 / 11
Дүйнөдөгү эң чоң шырдак Ат-Башыда жасалып, ал эмгек 4 000 долларга сатылган, 2017-жыл