БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан Казакстанда өндүрүлгөн электробустарды сатып алышы мүмкүн. Бул маселени министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Нур-Султанда жолугушууда талкуулашканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жапаров учурда коңшу өлкөдө иш сапары менен жүрөт.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, өлкө башчысынын тапшырмасы менен жакынкы арада Бишкек шаарында 2 000 даана автобус ишке киргизилет. Азыркы тапта бул транспортторду кайдан сатып алуу маселеси чечилүүдө.
Өз кезегинде казак премьери бул долбоорду ишке ашырууга даяр экенин билдирип, Казакстандан чыгарылган электробустар үнөмдүү, коопсуз жана бышык экенин белгиледи.
Мындан сырткары, Жапаров учурда республикага 12 миң тонна буудай керектелерин, бул өлчөмдөгү дан азыгын Кыргызстан казак тараптан сатып алууга даяр экенин билдирген.
Буга чейин Кыргызстан электробус сатып алуу боюнча Беларусь менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым болгон. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын каражатына (50,65 миллион доллар) 120 электробус жана аларды кубаттоочу инфраструктурага тендер жарыяланганы айтылган.