БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 32 адамдан коронавирус аныкталып, 67 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Вирус жуктургандар:
Жалпысынан өлкөдө 183 744 киши илдет илештирсе, анын 178 777си дартты жеңди. Өлүм учуру өткөн суткада катталган жок.
Азыркы тапта стационарда 358, ал эми амбулатордук шартта 364 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде коронавируска каршы 9 683 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 4 320сы биринчи дозаны алса, 5 363 киши экинчи дозасын сайдырган.